"СМУ-3 компаниясы өлкөдөгү бардык курулуштарды алган". Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов жыйын учурунда айтты.
Анын айтымында, аталган компания буга чейин ипподром, Тарых музейи сыяктуу бир нече ири курулуштарда аткаруучу болуп табылган.
"Тарых музейин реконструкциялоо ишине тиешеси бар бир да жаран чек арадан чыкпасын. Ак болсо териштирүүдөн кийин соттон акталып чыга берет. Бизде боло берет деп акчаны иштете беришкен. Мраморлор 100 жылга жетмек. Ошого көздү кызартпай эле койсо болот эле го?" - деди Шыкмаматов.
Аталган талаптар фракциянын чечимине киргизилди.