Текебаев, Шыкмаматов жана Салянованын "Мегакомдо" үлүшү бар деген маалымат тастыкталбады. УКМК Белизден келди деп Сегизбаев Атамбаевге көрсөткөн документ жок экенин айтты

2016-жылы Белиз өлкөсүнөн Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, Аида Саляновага байланыштуу кат келген. Бул тууралуу депутат Алмамбет Шыкмаматов "Ата Мекендин" жыйынында билдирди.

Маалыматка караганда, ал катта жогорудагы 3 саясатчынын "Мегаком" компаниясында 8 пайыздан үлүшү бар деген маалымат жазылганы айтылган.

Аталган маселе каралып жатканда башкы прокурордун орун басары мамлекеттик сыр айтылат деп журналисттерди сыртка чыгарууну суранды. Бирок Шыкмаматов анын бул суранычын четке какты.

"Маалыматтарды айтпасаңар койгула. Мамлекеттик сыр болуп калдыбы? Абдил Сегизбаев телевизордон айттырып эле жатпады беле. Маалыматты жашырсаңар анда силер да кылмышка шерик болосуңар", - деди Шыкмаматов.

УКМКнын өкүлү Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов, Өмүрбек Текебаевдин "Мегакомдо" үлүшү бар деген Белизден келген документ жок экенин айтты. Ал эми ушул маселе боюнча УКМКнын өкүлү Мусаканов Белизге барып, документти алып келгени боюнча маалымат жалган экени белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Adil706070
2018-09-14 16:14:54
Акыры чындык калкып чыгат.
Ак ийилет ,бирок сынбайт дегендей болду .Бул кетиште саясатчылар акталарына аз калыптыр,буйруса боштондука чыгып калышы ыктымал
+3
bekmirzach
2018-09-14 17:44:00
А. Атамбаев эми өзү мурда айтып келгендей кетирген катачылыктары үчүн мыйзам алдында жооп бере турган учуру келди окшойт. «Эгерде мен мыйзам бузсам, туура эмес иш кылсам, анда мен да жоопкерчилик тартам» деп дайыма айтчу. Ошол сөзүнөн эми танбашы керек.
+4
stimyl.kg
2018-09-14 16:20:21
Ошо калп болсо керек деп ойлогомун.
0
Arlenchik
2018-09-14 16:23:12
Жалган маалымат жалаа мн камаганы учун Сезизбаев мн Жолдубаеванын озун алып келип турмого отургузуп Текебаевди чыгаргыла, негизи ушу Садыр Жапаровго окшогон эл учун иштегендердин ордуна ушул сегизбаевге окшогондор турмодо отуруш керек эле, эл учун иштегендер турмодо, жеп ичкич мамлекеттин кызыкчылыгын ойлобогондор боштондукта журот.
+8
barsbegKG
2018-09-14 16:33:51
Сегизбаев, Жолдубаеванны Атамбайга кошуп камакка алыш керек. Текебаев өкүнүп жатса керек аша менен табакташ болгонуна.
+2
tnz
2018-09-14 16:53:40
Оо шумдугун кургур Эми куну бутту корунот болуп калды.
+1
nurbek56
2018-09-14 17:39:31
сериал кино эми башталат окшойт буга чейин китептин биринчи бетиндеги кириш созду окуп отурган экенбиз да.
+3
Дарыгер
2018-09-14 17:50:51
Текебаев омуру откончо турмодон чыкпай эле койгону жакшы. Кыргызстандын мамлекеттуулугуно зыянын тийгизбей турган киши
0
Natun
2018-09-14 19:16:19
Текебаевдин Белизден башка деле толтура кылмыш иштери бар. Белиз жалган болсо эле абактан чыгып кетпейт
-6
Rifle_I
2018-09-15 00:17:15
Мына комедия. Ушул жепжутарларды кино кылса, санта барбара оозу ачылат эле.
0
Aidar151080
2018-09-16 09:02:37
Мен Текебаевка ишенем, ал таза киши. Анаы Атамбаев деген неме күч колдонуп эле каматып салды. Себеби, Атамбаевтин кишиси эмес болчу. Анын кишиси болгондо камабайт болчу.
+1
zhanybekov030303
2018-09-16 21:35:43
Калптын казаны кайнабайт деген соз бар улуу Кыргыздарда .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан