Алмамбет Шыкмаматов: "Кайсы чуулгандуу иш болбосун ал Алмазбек Атамбаевдин тегерегинен чыгып жатат"

Акыркы учурдагы коррупциялык иштер аягына чейин тыкыр иликтениши керек. Мындай пикирин "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында депутат Алмамбет Шыкмаматов айтты.

Ал чуулгандуу окуялар көп болуп жатканын кошумчалады.

"Кайсы чуулгандуу иш болбосун Алмазбек Атамбаевдин тегерегинен чыгып жатат. Музейдин чыры, ипподромдун ремонту Атамбаевдин тегерегинен чыкты. ЖЭБдин модернизациясында да Атамбаевдин аты аталып жатат. Өлкөдөгү ар бир чуулгандуу иштер аягына чыгарылышы керек. Муну коомчулук карап турат", - деди ал.

Фракциянын чечими менен укук коргоо органдарына аталган иштерди аягына чыгаруу тапшырмасы берилди.

"Ата Мекен" фракциясы Тарых музейиндеги коррупцияны, Гуревич, Белизгейт жана Салянованын маселесин талкуулады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Natun
2018-09-14 17:24:04
Атамбаев башкарган алты жылдагы бардык уурулук, каракчылык, кыянаттык иштерге АША өзү күнөөлүү, жооптуу
+4
nuri1
2018-09-14 17:37:54
Атамбаевдин артынан суу куйуп жатышат.
-6
KyrgyzstanBishkek
2018-09-14 18:10:56
Атамбаев бироолорго акча толобой койгон го терс турдо да жазып калыптыр.Жээнбековту жамандап элдин кыжырын Атамбаевтен Жээнбековко буруу аракетинер окшобогон сыяктанат.Эшеке алтындан токум тошосон да эшек бойдон калат деген накыл соз бар эмеспи кыргызда
+2
Erik2018
2018-09-14 18:18:15
Атамбаевдин алты жылдык президенттик моонотундо курулган бардык нерселерди, карызга алган акчалардын баарын тыкыр иликтеш керек атайын кызматтар!!! Жалпы элдин коксосу чон уурулардыбы же аткаруучу ууруларды качан камамайынча канбайт!!! Бул жерде мынчалык ойлоно турган деле эч нерсе жок эле. Олконун байлыгын, элдин ырыскысын, сырткы карыздан оздорунун пайдасына уурдоо учун алгандар, элдин душмандары, мамлекеттин чыккынчылары катарында катаал жазаланыш керек!!! Буга Жээнбековдун эрки жетет.
+4
rysik79
2018-09-14 18:19:11
Бакиевтен атамбаевке отту ыр кесе. Сармерден талаада калды го. Дагы 6 жыл аман болсок Атамбаевтен С.Ш.Жго
0
Natun
2018-09-14 19:13:51
Акыркы кездери Атамбаев өлкөдөгү таасирдүү маалымат каражаттарын тымызын каржылап, алардын жетекчилерине чет өлкөлөргө путёвкаларды берип өзүнүн максатын ишке ашырууга киришти. АШАнын максаты эле элдиң көңүлүн Бишкек ТЭЦи сыяктуу коррупциялык иштерден башка жакка буруу жана азыркы бийликти жек көрсөтүү менен элди көтөрүү. Буга жакында эле Максим Бакиевдин мурдагы кеңешчиси Евгений Гуревичтин “Азаттык” үналгысына берген маеги далил боло алат. Ишенимдүү булактарыбыз кабарлагандай, дал ушул берүү А
0
Erik2018
2018-09-14 19:20:41
АША ачка калчудай болуп контрабанданы да өзү көзөмөлдөгөнү билинди. Тыштан келген кредиттердин жарымысы эле анын табакташтары менен чогуу «оп» этилип кеткени ачыкка чыкты. Элдин убалын уруп да ойнобогон экен. Ошол тыштан алынган кредиттерди кийин элим кантип төлөйт деген ойду капарына албаптыр.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан