Миграция кызматынын өкүлдөрү Бишкекте өткөргөн маалымат жыйынында жарандарды "Ош базарындагы" радио түйүндөр аркылуу чет өлкөгө жумушка чакыргандарга ишенбөөгө чакырды. Миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Самат Токтоболотовдун айтымында, айрым жарандар жумушка чакыргандарга ишенип алып, чет өлкөдө кыйынчылыктарга туш болушууда.
"Мосвадагы өкүлчүлүктө иштеп жүргөндө 20-30дай жаран кулчулукка кабылганын айтып кайрылган. Алардын баары "Ош базарындагы" радио түйүндөгү жарыялар аркылуу барышкан. Бул жактан алып кетип жатканда жумуш таап берүүчү адам "жол киреңди, тамак ашыңды төлөйм, баары жакшы болот" деп алып кетишет. Бирок иштөө үчүн бараткандар курулуш иштеринде же башка тармакта иштөөгө тажрыйбасы жок болгонуна карабай барып алышат.
Жумушту өз убагында жетиштүү бүткөрө албай калган учурда келтирилген зыяндын ордун толтурууну талап кылышат же паспортун алып коюшат. Ошондуктан чет өлкөгө чыгарда жарандар өз укугу, ал өлкөнүн мыйзамдары менен таанышып барганы оң", - деди Токтоболотов.
Ал жарандар адам сатууга байланышкан фактылар боюнча "1899", миграция маселелери боюнча "1977" кыска номурларына чалуу керектигин кошумчалады.