"Бул жерде саясий буюртма бар". "Ата Мекен" Аида Салянованын инисинин өлүмүн кайрадан тергөөнү талап кылды

Маркум Улан Саляновду үйүнөн атып кетишкен"Аида Салянованын инисин өлтүргөндөр кармалды. Албетте, бул маселеде ИИМ жакшы аракет кылды". Мындай пикирин депутат Алмамбет Шыкмаматов "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында айтты.

Ал күбөлөрдүн бири шектүүгө адам өлтүрүү боюнча буюртма берген деген маалымат айтканын эскертти.

"Күбөнүн айтымында, кылмышкерлердин бирине адам өлтүрсө, анын ага чейинки кылмыш иши жабылат деп убада беришиптир. Мында буюртма бар экени айтылып жатат да. Буюртманы ким берген? Бул жерде саясий мотив бар да. Салянованын инисинин үйү киши баспаган жерде жайгашкан. Уурулар кызыкпай турган жер. Бул жерде саясий буюртма бар. Салянованын душмандары жасады. Ишти кайра тергебесенер болбойт", - деди Шыкмаматов.

Экс-депутат Аида Салянованын 42 жаштагы иниси Улан Саляновду 2017-жылдын 6-ноябрына караган түнү Бишкектеги үйүнөн белгисиз адамдар атып кетишкен. Факты боюнча кылмыш иши ачылып, анын негизинде 3 адам кармалган.

"Ата Мекен" фракциясы Тарых музейиндеги коррупцияны, Гуревич, Белизгейт жана Салянованын маселесин талкуулады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Дарыгер
2018-09-14 17:37:52
Салянованын агасы дагы жаш кыздын олумуно себепкер болгон делинип журот го. Аида аралашып жаап салган
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан