"Белизгейт" чыры эми Абдил Сегизбаевге иш козготушу мүмкүн. УКМКнын мурунку жетекчисинин туура эмес маалымат таратканы боюнча парламентте отчёт берилет

Абдил Сегизбаев Жогорку Кеңештин жыйынында."Абдил Сегизбаев "Белизгейт" боюнча маалыматты парламентте айткан". Мындай пикирин депутат Алмамбет Шыкмаматов "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында билдирди.

Ал Сегизбаевдин маалыматы туура эмес болуп чыкканын айтып, бул үчүн жооп бериши керек дейт.

"УКМКнын мурунку башчысы Абдил Сегизбаев Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянованын "Мегакомдо" үлүшү бар деген маалыматты парламентке келип айткан. Келерки шаршемби, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында анын маалыматы жалган болгонун, Белиз өлкөсүнөн эч кандай документ келбегенин айткыла. Муну эл билиши керек. Жыйынга баш прокурор өзү да келсин. Баяндаманы сиз (баш прокурордун орун басары - ред.) жасаңыз. Фракция бүгүн ушундай чечим кабыл алдык", - деди Шыкмаматов.

2016-жылдын 14-ноябрында ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алган. Анда Белиз мамлекетинин расмий органдарынан апостиль алынганын билдирген. УКМКнын башчысынын билдиришинче, ал документтер 2012-жылы жогорку кызматта турган 3 адам "Мегакомдун" акцияларын сатуудан түшөт делген 50 миллион доллардан ашык акчаны оффшордук компанияга чыгарууга кызыкдар болгонун күбөлөндүрөт. Документте Өмүрбек Текебаевдин, Алмамбет Шыкмаматовдун жана Аида Салянованын аты аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Atas
2018-09-14 19:02:49
Бири биринерди шыбап журо бересинерби шыкмамаматв
-3
Bazake
2018-09-14 21:51:37
Atas,Шыбабай эле мыйзамды бузгандар ачыкка чыгып жатат. Бул иш боюнча Атамбаевге да иш козгош керек
+4
Suzak12
2018-09-14 19:09:44
Аркан жагын менен сезип жатасында качып кетпесен эле болду эми сени камаш керек сенден коп нерсе чыгат муну элдин баары билет.Илгери 40 жылда дейт эле азыр тез эле минтип жооп берет турган убагын келет.Ушул качып кетпей туруп кагаз берсенер жакшы болот эле олкодон чыкпаганга.
+10
Erik2018
2018-09-14 19:25:25
Сегизбаевди дагы териштирип чыксаңар көп нерсе чыгат. Бул АШАнын пешкасы болуп көп эле былык иштерди уюштурган.
+6
Janyjol.86
2018-09-14 19:58:36
Эй шордуу Бир туугандарым укпадынар беле сегизбаев мн жолдубаева кр дан чыгып кеткение 3 ай Болдун
+3
stimyl.kg
2018-09-14 20:59:35
Ата мекендин депутаттары Сегизбаевге өчөшүп калган аны баарибир каматышат. Жолдубаева менен Сегизбаев баарибир жазасын алышат көрөсүнөр.
0
TalaCSKA
2018-09-14 23:04:21
Сегизбаев Шыкмаматов Салянова Текебаев жана дагы толтура мамлекеттик кызматта иштеген адамдар баардыгынар куноолусунор !!! Балким бул иш куру жалаа болгондур бирок баары бир куноолусунор!!! элдин канын ичкен канкоорлор баардыгынар куноолусунор!!! элдин алдында болбосо да акыретте жооп бересинер!!! кайсы тармакты караба баардык жерде мыйзам бузуулар жон эле мыйзам бузуулар эмес жалан акча жеп бузгандар же ошол арам тамагынар бир жернерди тешип чыкпай койдуго айланайын жеп жутар эл душмандары !!!
+2
Rifle_I
2018-09-15 00:07:32
Чынын айтсам жепжутарлар бири бирин каралап, бири бирин чукулаганына 99.999% убактысы кетет. Мамлекеттин иштерине 0.000001% убактысын жумшаса, калганын бекерчиликке жумшайт.

0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан