6-июль күнү Бишкекте япондордун салттык “Танабата” фестивалы өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары, Кыргыз-япон адамды өнүктүрүү борборунан билдиришти. Фестивалдын катышуучулары оригами искусствосу менен таанышып, орусча жазуулар менен япон анимациялык тасмаларын көрө алышат. Танабата – япондордун “Жылдыздар фестивалы” деп аталган салттык майрамы болуп эсептелет. Майрам Японияда жыл сайын 7-июль күнү белгиленет, бирок ал мамлекеттик майрамдардын катарына кирбейт.