Өзбекстанда нан эки эсе кымбаттап, баасы 10 сомго жетти

Өзбекстанда нан 650 сумдан (5,7 сом) 1200 сумга (10,5 сом) кымбаттады. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, 15-сентябрдан тарта мамлекет нандын баасын жөнгө салууну токтотууда, буга байланыштуу эми нан эркин базар баасында сатылып баштайт. Өзбекстанда 2014-жылдан бери нандын баасы кымбаттаган эмес.

Салыштырып көрсөк, Кыргыз өлкөсүндө бир нандын баасы 15 сомдон жогору.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
talant87
2018-09-16 10:06:16
Оба ото арзан экен Нан бир барганда кордум эле
+6
azamat85
2018-09-16 14:48:59
talant87,алардын эки наны биздин бир наныбыз
+2
talant87
2018-09-16 16:21:18
azamat85,салмагы бирдей салыштырып коргом
+2
trabzon11
2018-09-16 10:18:56
Бизде 15-сом арзан деп атсак буларда 10-сом кымбат экен..
+6
Azat.97
2018-09-16 10:35:52
Наабайчылар коп ошон учун арзан болсо керек
+10
Pandora
2018-09-16 10:49:47
Azat.97,Наабайчыларга буудай,унду эч ким бекер бербейт да аларда сатып алат.
+8
Munar92
2018-09-16 10:37:01
Бизде да ошондой арзанчылык бсого
+2
Mularamov
2018-09-16 11:27:59
тажикстанда дагы 1 самониден башталат болжол менен 7 сом 30 тыйын биздин акчага.
аларделе биз колдонгон казак унун колдонот
+2
bond02
2018-09-16 11:34:36
Нан кымбаттаса булар эми уйдон жаап жей беришет, колдорунан келет баарынын.
+4
Erlan_95
2018-09-16 11:59:00
Озбекстанда Эми кымбаттайт алар жерлер мамлекпттики секин Элдер чыгат болунобуз деп алар секин бизге окшойт биз коп кыйынчылыктарды откордук
+2
xnurgul_gul
2018-09-16 12:14:56
Узбекистана билинбегени менен кыйла эле арзанчылык
+1
Asylai88
2018-09-16 12:15:54
Кымбаттаганы 10 сом болсо биздин нандардын баасын корсо озбектер чалкасынан тушот го. Бирок алардын нандары граммы женил болсо керек, алар шумдук коптурушот нанды.
+5
ludimira
2018-09-16 13:10:48
Каримов нан баасын конкретно козомолдоп турчу .
Ар президент озунчо жакшы нерсе киргизет
+1
Dalil
2018-09-16 13:27:03
Аларда арзан болгону менен сапаты биздикиндей эмес көпчүлүк нандары. Сыртын көрсөң укмуш жасалгалап, абдан дрожду көп кошушат экен. Жесең нанда даам жок, кудум эле кагаз чайнагандай болосун. Албетте аларды да түшүнүү керек. Унду бекер алышпайт. Арзан сатуу үчүн ушундай жолдорго барып сапаты эске алынбай калат. А бизде кымбат болгону менен сапаты даамы жакшы.
+3
Jin1209
2018-09-16 13:36:40
Нандары биздей эле ал жакта жумушчу кучу арзан пенсия пособия айлыктар да бизден караганда азыраак, ошондо аларга кыйын эле болуп калат кымбаттап.
+3
Jin1209
2018-09-16 13:37:15
Бир чака буудай учун бир кун кечке иштейт деп уккам.
+5
aiymjan7
2018-09-16 15:29:41
айлык азыраак го, озбектер бизге стройкага келип арзан уй салап атышат го
+5
maks1980bishkek
2018-09-16 22:17:00
он сом (чекчейген смайлик)кошуналар бизде 20эле сом
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан