15-сентябрда Жалал-Абад облусунда кырсыктардын алдын алууга арналган иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы кабарлады.
Иш-чарага ӨКМнын министри Нурболот Мирзахмедов, Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жана облустук, шаардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери, Улуттук Кызыл Ай коомунун өкүлдөрү, аксакалдар, шаар тургундары, студенттер катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө кырсык болгон учурда жабырлануучуларды куткаруу, аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүү ыкмалары көрсөтүлдү. Андан соң жергиликтүү калк жана шаар жаштары өрт өчүрүүчү, атайын жана авариялык-куткаруучу автоунаалардын коштоосунда кырсыктардын алдын алууга арналган жөө жүрүш жасашты.
Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов калкка өзгөчө кырдаалдар коркунучу тууралуу кабарлоо, өзүн сактоо жолдорун үйрөтүү жана окутуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө күч жумшап келерин айтты.
ӨКМнын буйругунун негизинде, 2018-жылдын 5-сентябрынан 5-октябрына чейин өлкөнүн бардык облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында кырсыктарды азайтуу боюнча республикалык деңгээлде бир айлык иш-чаралар өткөрүлмөкчү.