Бишкекте өткөн боёк фестивалы жаштарды шаңга бөлөдү (фото)

Бүгүн, 16-сентябрда Бишкектеги "Ата-Түрк" сейил багында 300гө жакын адамдын катышуусунда "ColorFest" боёк фестивалы өттү. Кызыктуу иш-чарага келгендер бири-бирине ар кандай түстөгү кургак боёкторду чачып, сейил бактын ичин шаңга бөлөштү. Иш-чараны музыкалык шоу-концерт жана оюндар коштоду.

Уюштуруучу Бегайым Бекболотова иш-чаранын максаты тууралуу буларды айтты.

“Фестиваль жаштардын дем алыш күнүн кызыктуу өткөрүп, алардын өз ара ынтымагын бекемдөөгө, баарлашуусуна көмөк көрсөтүүнү максат кылат. Боёк фестивалы борбор калаада буга чейин бир-нече жолу өткөрүлгөн", - деди ал.

Ушундай эле фестиваль ушул жылдын 30-июнунда Бишкек шаарында болуп өткөн. Алгачкы жолу 2016-жылы Ысык-Көлдө өткөрүлгөн. Фестивалда колдонулуучу кургак боёктор атайын Орусиядан алып келинери айтылды.

Бишкекте боёк фестивалы жаштардын көңүлүн көтөрүп, шаңга бөлөдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Ali-han
2018-09-16 18:34:08
Уюштуруучу кыздын номери болсо жазып койгулачы супер инфо)))
+1
bond02
2018-09-16 18:45:25
Жаштар ХХХХХХХХ бул нерсенин эмне кереги бар? Пайдасы болсо уюштуруучу кыз болушунча боенмок да.
+15
i1urp
2018-09-16 23:16:52
bond02, ХХХХХХ Жакшынакай ээс алып жургон жаштарды. ХХХХХХХ
-3
Tansuluu09
2018-09-16 18:48:00
Индиялыктардын майрамыго) маанайды которот ошол эле)
+3
Janna07
2018-09-17 09:17:24
Tansuluu09,оба индиянын майрамы
+1
joke81kg
2018-09-16 18:50:08
Европаны качанга чейин дуурайт экенсинер
+4
AKCAHAT
2018-09-17 13:12:06
joke81kg,бул индияныкыго, эшегинер олсо деле Европа, Атамбаев, Бакиев дей бергенинер кызык да ушу.
0
Salaf
2018-09-16 19:11:17
Бул эмне деген шермендечилик? ХХХХХХ эле болуп баратат обу жок жаштар.
+4
monster_high_98
2018-09-16 21:13:09
Salaf,Бул иш чарада жаман нерсени коруп жатасызбы?Же бири-бирине боек суйкосо эле ыйманы кетип калабы?Кееечке телефондон башы чыкпай отурганча, жакшы эле!
+1
J1irg
2018-09-16 23:26:27
monster_high_98,
Баягы эле Чубакты ээрчигендер суйлой беришет да. Тиги харам, бул арам дешип эле. Ичтеринде жакшы нерсе ойлошпойт. Уюштурган кызга менден ыраазычылык. Мыкты кыз экенсин жаш болсон дагы. Сендейлер коп жашасын.
-14
grace
2018-09-16 19:46:02
Индустардын диний майрамы калды эле биз кылбаган! Андан көрө жөн эле эс алсаңар болот да туугандар.
+6
aerforce
2018-09-16 19:53:57
ХХХХХХ эмне болуп баратабыз деги чет элди туурап бириң жарым жалаңач ырдап бир пакет кийип ырдап
+4
Jango
2018-09-16 20:00:00
ХХХХХХХ ушундай адамдарды москвада метродо коруп аябай жиним келчи эле корсо озубуздун кыргызстанга деле жетип калыптыр да уже
+6
GULZAT.83
2018-09-16 20:11:29
Тооба орус ойундакысын кылат десек.Кыргыздар уксале кылат болуп калыптырго биягы. Угузбада корсотпоо экенда.
+7
jumaev0084
2018-09-16 21:03:40
оронгон адамдар да келип алыптырго ХХХХХХХ
-4
Asia3030
2018-09-16 21:29:17
jumaev0084, Оронгондорго асылба.
ХХХХХХХХХ
-5
i1urp
2018-09-16 23:04:03
Жакшы ушундай иш чараларды кобуроок уюштуруп турушсун. Оронгондор боюнча айтсам оронгондор мага жакпайт. Андан коро модный кийинип, сулуу корунгон кыздар жагат. Оронуп жургон кыздардын сулуулугуна корк бербейт. Кыздар сулуу болгон жакшы. Бегимай Болотбекова азаматсын. Бар бол. Озун дагы абдан сулуу кыз экенсин. Бойдок болгонумда, сени мумкун суйуп калмакмын.
-6
Mularamov
2018-09-16 23:12:06
ойун таппаган бала ...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан