Бүгүн, 17-сентябрда парламент комитетинде былтыркы жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө маселе каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, баяндама жасоо үчүн каржы министри Адылбек Касымалиев чакырылган. Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынынын күн тартибинде 6 маселе коюлган. "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору дагы каралат.