2018-жылдын январь айынан бери 1 миң 331 этникалык кыргыз Кыргыз мамлекетинин жарандыгына ээ болду. Ал эми дагы 487 адам кайрылман статусун алганын Миграция кызматынан кабарлашты. Алар Тажикстан менен Өзбекстандан көчүп келишкендер.
Андагы маалыматка ылайык, Өзбекстандан келген 606, Тажикстандан келген 725 адамга жарандык берилген. Анын ичинен 120сы кайрылман күбөлүгүнүн негизинде жарандык алышкан. Ал эми 3 миң 500дөн ашуун адамга кеп-кеңеш берилип, 487си кайрылман статусун алды. Алардын арасынан 18и Кытай Эл Республикасынан келгендер.