"Өз каалоом менен директордун орун басары кызматынан кеттим" дейт окуучунун чачын кырккан мугалим

Бүгүн, 17-сентябрда окуучунун чачын кырккан деп айыпталган Ноокат районуна караштуу Нарай орто мектебинин директорунун орун басары Замира Шералиева кызматынан бошотулду. Маалыматты ал өзү SUPER.KG порталына тастыктады.

Анын айтымында, Шералиева ээлеген ордун өз каалоосу менен бошотуп берген.

"Көпчүлүк кумурскадан пил жасап салышты. Балким, мен ээлеген кызмат кимдир-бирөөгө керек болгондур. Мындан улам бүгүн өз каалоом менен арыз жазып, директордун орун басары кызматын өткөрүп бердим. Бирок мектепте химия сабагынан мугалим катары иштей берем", - деди ал.

Айта кетсек, буга чейин SUPER.KG порталына 6-класстын окуучусунун ата-энеси байланышка чыгып, мектеп директорунун орун басары баласынын чачын кыркып, аны далыга 3 жолу урган деп айыптаган. Окуя боюнча мектеп директору жана анын орун басары да өз ойлорун билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
Jin1209
2018-09-17 13:46:05
Апасы баласынын чачын алып жакшы карап мектепке жоното албагандан уялбайбы? Эжеке туура эле кылган мектепте ар бир баланы тарбиялаш учун канча нерв кетет. Озу баласын эч качан урбайт бекен? Баласы азыртадан озуно ишенбей апасын айтканын кылып уйронот чонойсо да
+9
bond02
2018-09-17 14:08:13
Эми химиядан билбеген окуучуларды химиялык зат менен куйгузбогой эле.
-9
gulmira12345
2018-09-17 14:43:09
Ажыкыс баштантпай чачын короткий кыркып жонотсонор батыштын элин туурап чач остурбой
+2
kirgizstan
2018-09-17 17:26:50
уяты жок эне экен. Баласыны ыы айт ыы деп. жаттап алганы көрүнүп туратко.
укаскалар сынып кетчү эле биз окуган маалда бор ручкалар учат эле башыбыздан үйгө айтып келсен аз болуптур дейт эле
+2
kirgizstan
2018-09-17 17:27:28
мугалимди кайра ордуна койсун
+1
nelli
2018-09-17 23:11:13
Баласын апасы уйроткону корунуп эле турат. Депутаттар ушул эжекени иштен алыныздар. Жардам бериниздер. Ким алса рахмат айтабыз. Кетсин дейт. Жаш бала ушул созду айтмак беле?
+1
rasan
2018-09-17 23:17:33
Келгиле мугалимди кайра ордуна отурушун талап кылалы баарылап.кимдин ою кандай.?
+2
asash
2018-09-18 00:29:44
Энеси болушчаактын баласы ыйлаак, жана бироо айтыптыр ошол балан аферист болуп чыкпаса эле болду деп, ошончолук демократия болсо дагы мектептеги агай эжелердин тарбиясы соссуз керек, эми ал балан эч кимди укпайт, кичине чонойсо сени да укпайт, ийгилик сизге урматтуу мугалим
0
lilya8
2018-09-18 00:52:02
Ал мугалим эже кызматынан бекер тушуптур ансайын мугалимди ылдый коруп калышат
Мен эжекеге кайра алкыш айтмакмын
0
Jigitchem
2018-09-18 01:19:14
Атасы болушчаактын уулу ыйлак
Энеси болушчаактын кызы ыйлак дечу беле кыргызда
0
Kuttubek8483
2018-09-18 01:55:26
Туура эмес иш кылдыныз эжеке иштен кетип. Мектепте тартип деген болуш керек. Сиздей мугалимдер бар учун Мектепте тартип бар. Эми жакпаган завуч, директорлорду жумуштан кетирунун жаны жолуна жол ачып бердиниз.
0
muslima89
2018-09-18 16:33:39
Kuttubek8483,Ал эжекебиз ото адал иштеген бетке суйлоп так иштеген аял болчу, аттин ай. Замира эжеке биз билебиз кандай мугалим экенинизди , сизди ото сыйлаймын.
0
KG.Kushtarbek
2018-09-18 02:41:35
Дагн акырында биз сени жаман болсун дебейбиз деп уруп уруп алып. Кыргызстанда окуучулардын жакшы окубаганына окуучуда ата енеда гунолуу емес мугалимдер. Кее бирлери сабак отушту билбейт бул биринчиси...экинчиси Кайсы окуучу кайсы бала сабака кызыкчуу еле Бир нерсе десе еле кызыкпайттар кызыкпайттар Ошо кызыкпаган окуучуга мугалимде гуноо Ошолор оздору кызыктырып Отуш керек мисалы ошо предмети сабагы боюнча ойун жарыш конкурс ж.б нерселерди жасаш керек.а биздин мугалимдер Уруш керек Бакырыш керек
0
iasin
2018-09-18 11:03:01
Ошол баланын атасы деле мектепте окуса керек. Мен анын оордунда болсом, такыр башкача болмок...
0
muslima89
2018-09-18 16:37:33
Айылдагылар айтышынча уюштурулган иш, местаны алыш учун. Менин деле балдарым Россияда окууйт, замечание кылса тез кечирим сурап исправление кылабыз, болушпай балага. Билбейм куноо кимде ар ким жазасын алат го баарибир.
0
Jagym94
2018-09-18 17:04:14
Мугалимдерге боор тартаар киши калган жок окшойт...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан