Бишкек-Торугарт унаа жолунда 17-28-сентябрь аралыгында унаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизилет

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 117-118-чакырымында таш түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

"Унаа каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 17-сентябрдан 28-сентябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 117-118-чакырымында жардыруу иштери жүргүзүлөт. Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгы тарабынан саат 09:00дөн тартып, саат 15:00гө чейин унаа жолу толугу менен жабылат", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле эгерде жардыруу иштери болуп жаткан мезгилде 30дан ашык унаа топтолуп калган болсо, таштарды кулатуу иштери токтотулуп, унааларды өткөрүү башталат. Жардыруу иштери күндүзгү убакытта жана аба ырайы жакшы кезде жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан