"Өлкөдө 85 балдар бакчасынын имараты багыты боюнча колдонулбай турат" дейт билим берүү министринин орун басары

Өлкөдө 85 балдар бакчасынын имараты багыты боюнча колдонулбай турат. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, эгерде 85 балдар бакчасы багыты боюнча колдонулса 50 миң баланы балдар бакчасына жайгаштырса болот.

"Бишкек шаарында балдар бакчасына электрондук кезек системи киргизилди. 2018-жылдын февраль айынан августка чейин 10 миң 574 жарандан арыз түштү. Электрондук кезек аркылуу 3 миң 500 бала балдар бакчасынан орун алды", - дейт министрдин орун басары.

Жыйынга билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева чакырылган. Ал ооруп калган үчүн жыйынга келбегенин депутат Гүлкан Молдобекова билдирди.

Учурда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында республикадагы билим берүү уюмдарынын жаңы 2018-2019-окуу жылына карата даярдыгынын абалы жөнүндөгү маалымат угулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан