Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Майлы-Суу шаарында 5-6-класстын окуучуларына экиге бөлүнүп калган, эскилиги жеткен китептер берилип жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
Эл өкүлү кээ бир жерлерде балдардын укугу тебеленип жатканын белгиледи. "Майлы-Суу шаарында 5-6-класстын окуучуларына экиге бөлүнүп калган, эскилиги жеткен китептер берилип жатат. Аларга жаңы китеп берилеби?" - деп сурады депутат.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 5-6-класстын окуучуларына 3 миллион 300 миң нускада жаңы окуу китептери басылып чыкканын айтты. "Эскилиги жеткен китептерди эсептен чыгардык. Жаңы китептер жеткирилип берилгенче окуучуларга эски китеп менен окуганга туура келип жатат", - дейт министрдин орун басары.