Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Билим берүү жана илим министрлиги Түркиянын Кыргыз мамлекетиндеги элчиси Женгиз Камил Фыраттын "Сапат" боюнча билдирүүсүнө жумшак жооп кайтарганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдири.
"Маариф" фонду жана "Сапат" билим берүү мекемелери тууралуу талкуу болуп жатат. Конституция боюнча, Кыргыз мамлекети ички жана тышкы саясатты өз алдынча жүргүзөт. Анткени Кыргыз өлкөсү эгемендүү мамлекет. Ушундай учурда Билим берүү жана илим министрлиги так позициясын коюп коюусу зарыл. Кайсы бир мамлекеттин оппозициясы менен позициясы келип биздин билим берүү тармагына кирип күч сынашканы туура эмес. Биз көз карандысыз өлкөбүз. Аталган министрлик элчинин билдирүүсүнө жумшак жооп кайтарды. Элчинин милдети эки өлкөнү бири-бири менен жакындатуу болуп саналат", - деди ал.
Учурда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында республикадагы билим берүү уюмдарынын жаңы 2018-2019-окуу жылына карата даярдыгынын абалы жөнүндөгү маалымат угулууда.
1-сентябрда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын сапарынын алкагында Кыргыз өлкөсүнүн Билим берүү жана илим министрлиги Түркиянын "Маариф" фонду менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган.
Түрк элчиси Женгиз Камил Фырат "Сапат" билим берүү мекемелерин "Маариф" фондунун карамагына өткөрүү каралып жатканын айткан. Буга министрлик кандайдыр бир кайра түзүлүүсү же мүлктү өткөрүп берүү боюнча чечим Уставга ылайык негиздөөчүлөрдүн жалпы чогулушунда кабыл алынат деп жооп берген.