Алмазбек Атамбаевге "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси Тарых музейинин ачылышында тапшырылат. Бирок ал качан ачылары белгисиз

Экс-президент Алмазбек Атамбаевге "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын алгандарга берилчү "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси Тарых музейинин ачылышында тапшырылат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Маалыматка караганда, "Ак Шумкарды" музейдин ачылышында тапшыруу жаз мезгилинде эле такталган.

"Жазда экс-президентке "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин Тарых музейинин ачылышында тапшыруу боюнча сүйлөшүлгөн. Бирок ал качан ачылары анык эмес. Буюрса, Алмазбек Атамбаев сыйлыкты алуу иш-чарасына катышат", - деди Жолдубаева.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынын айтымында, Тарых музейи качан ачылары белгисиз.

Реконструкциядан өтүп жаткан Тарых музейинин ачылышы ушул жылдын 31-августуна белгиленип, жумуштун аягына чыкпаганына байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 24-ноябрда ант бергенден кийин президенттик кызматындагы биринчи жарлыгында экс-президент Алмазбек Атамбаевге "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын ыйгарган. Ага ылайык, экс-президентке эң жогорку "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси тапшырылышы керек эле.

13-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ирина Карамушкина экс-президентке жарлык чыкканына 1 жыл болоюн десе да "Ак Шумкар" тапшырылбаганын айтып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Dembele84
2018-09-17 15:47:02
Музейдин качан ачылаары белгисиз болсо жакшы экен,ошого чейин Атамбаевдин документтерин тактап кол тийбестик боюнча,именно ошол куну ак шумкарын тагып бутуп,колун кайрып Сапар инисине шерик кылып алып барып койсонор жакшы болмок.Коррупциянын башчысын камаган болуп,тарыхта калмаксынар!!!
+3
Bazake
2018-09-17 19:54:21
Атамбаевге сыйлык жок! Кайсы бети менен алат?! Озу баш тартышы керек сыйлыктан! Татыктуу эмес!
0
tnz
2018-09-17 20:07:04
Dembele84,Ошентип ушак таратуунун кереги бар беле же жок беле, ким билет ал музейден да жеп атсанар ал жердин ремонту бутпой атса гранит, мрамор таштарды уурдатып отурсак аттуу баштуу адамдарга кантип анан анын ачылышын кылабыз уялбастан онкологияда дептир ошол жака иштеттик деп кайсыл бети менен айтты ошентип жалгандын чеги болсо булар учун эч теменин чеги жоктой болуп калган корунот
+1
tulpar90
2018-09-17 16:01:32
Мрамор таштар боюнча.
+1
erlan2196
2018-09-17 16:02:58
АША азаматсын. Коп иштерди жасадын. Бугун туулган кунун экен кут болсун.
-5
asad345
2018-09-17 16:20:28
кокустук кокустан эмес, абдан жакшы дал келүү экен. тем более жазында пландалган болсо
+1
nemo2016
2018-09-17 16:34:14
Алмазбек Атамбаев неге жэгендерин куспайт ачык айтып журушотго карупциянын атасы деп неге кылмыш иши козголбойт жэ коркушабы дагы эле
+1
Natun
2018-09-17 18:46:26
Музейдин ачылышына биринчиден кайсы бети менен келет, келгенге духу да жетпейт. Эң жакшысы Кой-Ташка барып эле "Мега ууру" деген медаль тагуу керек мрамордон жасап
0
tnz
2018-09-17 20:08:33
Атамбаев эркек болсо аны алуудан озу биринчи кезекте баш тартышы керек себеби коомчулук бугун Атамбаевдин эмне иш кылганынан баарынан кабардар.
+1
titanik32
2018-09-18 02:02:03
Эмне үчүн Ак шумкар өзгөчө белгиси берилиш керек атамбаевке?кайсы кылган жакшылыктары үчүн?Урматтуу президент эмне үчүн Кыргыз элине кылган кылыктары,коррупция боюнча былыктвңары каралбай жатат атамбайыптын.Бул немени суракка алып өзү жасаган былык иштерине жооп берсин.Эгерде анте албасаңар силер да ушул атамбаевден айырмаңар жок деп эсептейим.Акыры чындык чыгып АШАнын кылган терс кылган иштери үчүн жооп бериши керек да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан