Күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу: Акжол Махмудов атаандашын 2 мүнөттө утуп, жарым чейрек финалга аттанды

Бүгүн, 17-сентябрда Словакиянын Транава шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу старт алды. Анда кыргыз спортчулар 4 салмак ченинде күч сынашууда.

Анда 77 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Акжол Махмудов алгачкы беттешинде ирандык Хоссейн Афифи менен кез келди. Беттештин жүрүшүндө Махмудов 10:1 эсеби менен жеңишке жетип, жарым чейрек финалга аттанды.

Айта кетсек, бүгүн аталган мелдешке Кыргыз өлкөсүнөн Эрбол Бакиров, Нуртазин Керимберди уулу, Акжол Махмудов жана Амангелди Талантбек уулу катышууда.

Акжол Махмудов ирандык балбанды утуп алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tulpar90
2018-09-17 15:46:10
Акжол азаматсың.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан