Бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында "2017-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү" мыйзам долбоору каралып жатат.
Комитет жыйыны эки депутат Садык Шер-Нияз жана Алмазбек Токторовдун катышуусунда өтүп жатат. Ошондой эле чогулушка өкмөт мүчөлөрү дагы катышууда.
Буга чейин жыйында депутаттар Гүлкан Молдобекова, Жанар Акаев, Тазабек Икрамов, Евгения Строкова катышып жаткан.
Бир аздан соң Гүлкан Молдобекова жана Жанар Акаев жыйынга кайра келишти. Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинде жалпы 10 депутат бар.