2005-жылы эл ошол кездеги президент Аскар Акаевдин ишине нааразы болуп, элдик толкундоолордон улам Акаевдин режими кулаган. Мындан 5 жылдан кийин так ушундай нааразычылыктардан улам Курманбек Бакиевдин бийлигинин доору да бүткөн. Ал президенттер "жаман" аталганы менен ошол президенттердин учурунда мамлекеттик ишти жүргүзгөн, аларды жандап жүргөн, чечимдердин кабыл алынышына түрткү болгон аткаминерлердин көбү эч кандай моралдык же укуктук жоопкерчилик тартпай, улам кийинки президенттердин тегерегинен орун таап, иштеп жүрүшөт. "Жаман" болуп жээкке ыргытылган президенттердин вазирлери "жакшы" бойдон, жаңы президенттерди жандап жүрүшөт. Мындан улам SUPER.KG порталынын "Вазир жакшы - хан жакшы" деген элибиздин даанышман сөзү актуалдуулугун жоготтубу" деген соболуна саясат таануучу Сейтек Качкынбаев жооп берди.
Качкынбаев бийлик утурумдук саясий тактика менен көбүрөөк алек болгон үчүн эски кадрлардын кызматына муктаж деген пикирде.
“Бийликке жетип алып ошол бойдон кийинки президенттерге жармашып жүрө берүүнүн эки себеби бар. Бул биринчи кезекте президенттердин өздөрүнө байланыштуу. Тилекке каршы, биздин бийликке көрөңгөсү бар, алысты көрө билген лидер адамдар келе элек. Тагыраагы өлкөнүн келечегин 20, 30 жыл алдыга карай көрө билип, ошол багытта өлкөнү өнүктүргөн стратегиялык кадамдарды жасап, татыктуу чечимдерди кабыл ала алган, глобалдык деңгээлде ойлоно алган адамдар президент болбой жатат.
Тескерисинче, биздеги президенттер утурумдук тактика менен алек болууда. Башкача айтканда, “бийликти мыйзамдаштырып, аны туруктуу кармап туруу үчүн кандай технологияларды колдонсом болот?” деген суроолор пайда болгондо, алар дароо мурдагы президенттердин тегерегинде жүргөн, элдин маанайына карап саясат жасоодо тажрыйбасы бар, элди тынчтандыра алган адамдардын кызматына муктаж болуп, ушул айлампадан чыга албай жатышат. Ошон үчүн мурдагы эле адамдар бийликти жандап жүрүшөт. Мисалы, кечээ УКМКнын мурдагы жетекчиси “Белизгейт” боюнча уят болду, Японияга же АКШга окшогон мыйзамды сыйлаган мамлекетте мындай адамдар дароо камалат. А бизде кармалган жок, анткени ал адамдардын жакынкы күндөрдөгү саясий жүрүштөрдө бийликке кызматы керек болуп калышы мүмкүн.
Экинчи себеби, өлкөнүн өнүгүүсүнө стратегиялык багыттарды, кеңештерди айта алган адамдарды бийлик арасына кошууга анчалык кызыкдар эместей сезилүүдө. Мына бүгүн президент бизнести тейлөө тармагынын өкүлдөрү менен жолугуп жатыптыр. Бирок арасында бир эле бизнес тармагынын өкүлү жүрөт. Ушуга окшогон маселелерде чоң катачылыктар кетүүдө. Жаңы бийликтен жакшы үмүт артып жаттык эле, бирок даремети ушул эле окшойт деген ойлор жаралууда. Мүмкүн, жакшы жагы деле бардыр, балким, алар кимдердин пикирин угуп, ким менен өнөктөш болуш керек экенин аныктай албай жатышкандыр”, - деди Качкынбаев.
Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, саясатчылар Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров жана коомдук ишмер Ишенбай Кадырбековдун пикири бул шилтемеде.