20 жылдан ашык чогуу жашоо үчүн офицердин аялы кандай сапаттарга ээ болушу керек?

Офицерлер менен 20 жылдан ашык жашаган аялдарга Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана күзөт департаментиндеги "Сый урмат" ардагерлер коомдук бирикмеси тарабынан сыйлык берилди. Сыйлык берүүнүн максаты - офицерлердин үй-бүлөлөрүн бекемдөө жана колдоо көрсөтүү.

Полковник Аскат Эгембердиев менен Сабира Турусбекова 25 жылдан бери турмуштун оош-кыйыштарына бирге туруштук берип, бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктап келишет. Сыйлык алып сүйүнүп турган Сабира Турусбекова жаңы турмуш курган учурда туш болгон окуяларын күлүп айтып берди.

"ҮЧ КҮН ҮЙГӨ КЕЛБЕЙ КАЛСА, ИШТЕГЕН ЖЕРИН ТААП БАРГАМ"

"Жаш кезде 1994-1995-жылдары телефон жок учурда жолдошум жумуштан 3 күнгө чейин келбей койчу. Мен студентмин. Мугалим сүйлөп жатса оюма эч нерсе кирбей, абактагылар өлтүрүп койбосо экен деп жүрөгүмдү кармап ойлонуп отура берчүмүн. Анан 3 күндөн кийин чарчап, күлүп үйгө кирип келет. Эмне болду десең “тревога болду, дагы бир нерсе болду” деп айтып калчу. Бир күнү дагы 3 күнгө жоголуп кетти. Молдовановкадагы абакта иштечү. Ал жактын дарегин эптеп таап бардым. Көрүп эле “ии, амансыңбы!? Көрдүм, эми үйгө кете берейин” деп кайтсам ал күлүп калды. Анан “ызы-чуу салгандар да болот. Бирок сен унчуккан жоксуң” деп сүйүнүп калган. Офицердин аялы көтөрүмдүү болушу керек. Жолдошторубуз бир күнү күлүп келет, бир күнү капалуу келет. Ошонун баарын көрүп, билип, алар жумуштан келгенде эч нерсени билбегендей жадырап жайнап тосуп алгыла. Алар дайыма оор жумушта иштешет. Жүрөгүбүз менен сезип, билип турушубуз кажет. Жакшы маанайыбыз менен биз аларды колдоп турушубуз керек. Жумушта ар кандай учурлар болот. Алардын баарын майда-чүйдөсү менен айтып келе бербейт да. Мен болсо кабагынан байкап, мамиле жасайм. Офицерлердин аялдарынын түйшүгүн дагы эске алып ушундай демилгени алып чыгып сыйлык бергендерге ыраазычылык айтам", - дейт Сабира Турусбекова.

Полковник Советбек Арбаевдин жубайы Зинат Арбаева да сыйлык алды. Алар 38 жылдан бери чогуу жашап келе жатышат. "Москвада окуп келгенден кийин өзүм карьера жасасам болмок, бирок жолдошумдун карьера жасашына шарт түзүп бердим" деп өзүнүн жашоодогу маанилүү сыйлыгы тууралуу да айтып берди.

"МЕНИН ЖАШООДОГУ ЖЕТИШКЕНДИГИМ, МЕДАЛЫМ - БУЛ КЫЗДАРЫМ"

"Күйөөм ЖАМКда 40 жыл иштеди. Азыр пенсияда. Ардагерлер коомунда мүчө. Алар өздөрүнүн жумушу канчалык оор болсо да, аялдардын жашоодогу ордун билишет. Биз 38 жылдан бери чогуу жашап келебиз. Совет учурунда тартип катуу болчу. Жолдошум жумушта эле жүрчү. Алгач лейтенант кезинде жумуш өзгөчө көп болот. Үч кызга эне жакшы тарбия бериши керек, мен үйдү, үй-бүлөнү карашым керек деп эле түшүнчүмүн. Ал иштен келсе да балдар уктап жатат, ишке кетип жатса да балдар уктап жаткан болот. Кыздардын кандай чоңойгонун билбей деле калды. Өзүм Москвада окууну бүткөм. Карьера жасасам болмок. Аскер кызматкерлерине биринчи карьера жасашы керектигин түшүндүм. Медалга өтө деле сүйүнүп кеткен жокмун. Кеп мамиледе экенин билем да. Бирок өмүрүмдө биринчи жолу медаль алдым. Эми менин медалым кыздарымдын жакшынакай болуп чоңойгону. Азыр 8 неберебиз бар", - дейт Зинат Арбаева.

Белгилүү болгондой иш-чарага Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Ички иштер министрлиги, Чек ара кызматы, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Бажы кызматы, Улуттук гвардия жана башка түзүмдөрдүн ардагерлери катышты. "Офицердин аялын" коомдук белгиси мамлекеттик сыйлык эмес, ал жолдошу менен 20 жылдан ашык жашаган офицерлердин аялдарына берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
filis
2018-09-17 22:16:59
Татынакай болуп эжелерибиз, апаларыбыз отурушат го. Молодцы офицерлер ушундай аялдар менен омур сургуло.
+2
voennyi88
2018-09-17 22:49:32
Офицерлер,Офицерлер!
+1
Merelisha
2018-09-18 00:39:51
Мынча бактылуу аялдар)). Кут болсун.
+2
Eka.kg
2018-09-18 00:57:55
20 жылдан ашык чогуу жашоо үчүн офицердин аялы кандай сапаттарга ээ болушу керек?
Жооп: 20 жыл чогуу жашаш үчүн чайын жана беркинисин аябаш керек.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан