Орусиялык актёр тасмага тартылуу учурунда массалык мушташтан улам каза болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, "Смерш" тасмасына тартылуучу топ массалык мушташты репетиция кылып жаткан. Даярдык көрүп жатканда 50 жаштагы актёр башынан жаракат алган. Ал "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилген, бирок дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алган эмес.
Учурда аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми каза болгон актёрдун аты-жөнү тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айтылбай турганы маалым болгон.