Ырчы Эмил Балтагуловдун “Досторум” аттуу ыры жарык көрдү. Ырдын сөзү, обону аткаруучунун өзүнө таандык. Ыр жазылып, даяр болору менен клиби да тартылган. Ырчынын айтымында, клип комедиялык жанрда тартылып, анда ырчы, куудул мырзалар роль жаратышкан. “Клипте кыргыз элинин каада-салттары колдонулган той жөнүндө баяндалат”,- дейт ырчы мырза.