Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт

Бүгүн, 18-сентябрда Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, электр жарыгын берүү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу үзгүлтүккө учурайт.

Жарык өчүрүлүүчү аймактар:

Саат 9:00дөн 14:00гө чейин - Элебесов көчөсүндө;

Саат 9:00дөн 18:00гө чейин - Көк-Жар конушундагы Тоң, Куйручук, Ой-Терскен, Коңорчок көчөлөрүндө. Бакай-Ата конушундагы Эр-Табылды, Ак-Уул, Жээк, Анар, Чубак, Нооруз, Манасчы, Эр-Төштүк, Бакай-Ата, Анарбек, Ак-Сай, Арашан көчөлөрүндө;

Саат 9:00дөн 17:00гө чейин - Достук кичи районунда;

Саат 9:00дөн 18:00гө чейин - 110-кварталда;

Саат 9:30дан 19:00гө чейин - Абдумомунов, Фрунзе, Айтматов көчөлөрүндө;

Саат 9:30дан 18:00гө - "Орто-Сай" базарында;

Саат 9:30дан 18:00гө чейин - Абдрахманов, Парковая, Можайский, Бейшеналиева, Москва, Сагынбай Манасчы көчөлөрүндө жана Жаш Гвардия бульвары менен Багижский туюк көчөсүндө;

Саат 10:30дан 12:30га чейин - "Ала-Тоо" конушунда, Кара-Алма, Талды-Булак көчөсүндө;

Саат 13:00дөн 18:00гө чейин - Айни, Шота Руставели, Гагарин, Жунусалиев көчөлөрүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан