Алдын ала маалыматтар боюнча "Супара" этнокомплексинин 500 чарчы метри жери күйгөн. Өрт андагы жаңы курулуп жаткан имараттан чыккан. Бул тууралуу этнокомплекстин өкүлү Бакытбек Самаков SUPER.KG порталына билдирди.
"Өрт жаңы курулуп жаткан имараттын ашканасынан чыккан. Ал имараттын 60 пайызы бүтүп калган эле. Ичине от жагып алып иштешкендиктен, өрт ошондон чыгышы мүмкүн деп ойлоп жатабыз. Жаңы имараттан сырткары бир үйдүн камыштан жасалган чатыры да күйгөн. Ал эми башка боз үйлөргө зыяны тийген эмес", - деди ал.
Эске салсак, 17-сентябрдан 18-сентябрга караган түнү "Супара" этнокомплексинде өрт чыккан.