Бүгүн, 18-сентябрда таңкы саат 04:57де Бишкек шаарында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Илимдер академиясынын сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн борбору Интернационал айылынын түндүк-чыгыш тарабынан 5 чакырым алыстыкта жайгашкан жерде болуп күчү 3,7 баллга жеткен.
Жер титирөөнүн күчү Нурманбет, Интернационал айылдарында 3 баллга, Юрьевка, Совет, Карагай-Булак, Алмалуу, Горная Маевка айылдарында 2,5 баллга, Бишкек жана Токмок шаарында 2 баллга жеткен.