Мектептерди курууда Эсептөө палатасынын отчёту жеткиликтүү түзүлгөн эмес. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутат Тынчтыкбек Конушбаев билдирди.
Ал Эсептөө палатасы мектеп курууда каржылык отчётту туура эмес жазып, эреже бузууларга жол берилгенин айтты.
"Колумдагы документтин айрым жерлеринде туура эмес маалыматтар турат. Военно-Антоновкадагы мектепти курууда 9 миллион сомдон ашык акча сарпталыптыр. Мектептин курулушу качан бүтөт деди", - Конушбаев.
Ал эми каржы министри Адылбек Касымалиев акча толук берилсе мектептин курулушу бүтөрүн айтты.