Депутат Момбеков: "Аймактарды өнүктүрүү жылында бир да айылда жаңы мектептин курулушу аяктай элек"

"Аймактарды өнүктүрүү жылы деген ураан менен жүрөбүз, бирок эч жерде иш жасалган жок. Айылдарды өнүктүрүү жылында кайсы айылга жаңы мектеп курдуңар?" - деп Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков каржы министринен сурады.

“Ар бир айылга кирип бара жатканда бакыйып ураан жазылып турат. А бирок аймактарды өнүктүрө турган эч бир иш жасалган жок. Айткылачы, аймактарда канча мектеп курулду?” - деди Момбеков.

Каржы министри Адылбек Касымалиев депутаттын суроосуна жооп бере алган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан