Москвада клубдагы жаңжалдан кийин унаа сүзүп кеткен Кыргыз жарандарынын үчөөсүнүн абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Москванын Новочеркасск бульварында 9-сентябрь күнү эртең менен болгон кырсыктан жалпысынан 11 адам жабыркап, 1 адам каза болгон. Маркум А.у.А. 1997-жылы туулган Өзгөн шаарынын Кызыл-Сеңир айылынын тургуну болгон. Ал эми жабыркангандардын сегизинин абалы канааттандырарлык болуп ооруканадан чыгарылган. Учурда 1994-жылы туулган Зулпиев Р., 1996-жылы туулган Руслан уулу М., жана 25 жаштагы бир адамдын абалы оор бойдон калууда.
Эске салсак, Москва шаарындагы Марьино районунда 20 жаштагы жигит Кыргыз жарандарын унаасы менен сүзүп кеткен. Окуянын күбөлөрү күнөөлүү делген жигит Кыргыз жараны экенин айтып, кырсык бир кызды талашкан эки жигиттин урушунан келип чыкканын айткан. Кылмышка шектүү Бекжан С. 2 айга камакка алынган.