КҮНСЕРЕП: Өкмөт өрттөн кийин үн катты

Бүгүн, 18-сентябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Акыркы 12 ай ичинде Бишкекте эл көп топтолгон жайларда бир нече ири өрт кырсыктары орун алды. Тизмектеп берсек: "Ош базары" (3 жолу!), Асанбай кичи районундагы 6 кафе, эт комбинаты, Кыргыз улуттук филармониясы, "Арзу" кафеси, "Мадина" базары. 18-сентябрга караган түнү "Супара" этнокомплексинде да ири өрт чыкты. "Бул өрттөр өзүнөн-өзү болгон эмес, эс алуучу жайлардын ортосундагы атаандаштык, криминалдын коркутуу аракеттери" деген пикирлер айтылууда. Албетте, атайылап өрттөгөн кишини колунан кармамайынча, жогорудагы версияларды далилдеп берүү кыйын. Тиешелүү органдар аталган ири өрт кырсыктарынын көбүнүн келип чыгуусуна "электр жабдууларын колдонууда өрт коопсуздугунун эрежелеринин бузулушу" себеп болгон деп алдын ала айтууда. Ички иштер министрлиги акыркы катталган өрт кырсыктарында криминалдык элементтер жок деп толук ишеним менен жарыялады. "Ош базарында" 3 ири өрт болуп, акыркы экөө боюнча "мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, атайы өрттөлгөнү айтылды. Бул өрт кырсыктарынан кийин "Ош базарынын" аймагында жаңы соода объектинин курулуп баштаганы өрттү атайы бирөө жасаган деген ойду андан бетер күчөттү.

Текшерүүчүлөрдүн жоопкерчиликсиздиги, пара алып анык эреже бузууларга көз жумуусу, базарларга өрт өчүрүүчү унаалардын кирүүсүнө мүмкүн эместиги өрт коопсуздугу маселесинде баш аламандык болуп жаткандыгынын көрсөткүчү. Бактыга жараша, борбор калаадагы акыркы ири өрт кырсыктарынан улам каза болгондор жана жабыркагандар болгон жок. Бирок өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабагандыгы Кемероводогу ондогон баланын өмүрүн алып кеткен ири өрт кырсыгы Кыргыз өлкөсүндөгү бизнес чөйрөсүндөгү ишканалардын жетекчилерин эч нерсеге үйрөтпөгөнүн көрсөтөт. Эгер ушундай иш улана берсе, Кыргыз жергесиндеги эс алуучу жайларда өрттөн улам алгачкы курмандыктар пайда болуп баштайт. Мындайга жеткирбеш үчүн эл көп барган жайларда өрт коопсуздугу боюнча талаптарды жана текшерүүчүлөрдүн жоопкерчилигин күчөтүү зарыл. Бул арада өрттөн кийин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бир жумалык мөөнөттө базарлардагы жана коомдук жайлардагы өрткө каршы талаптардын сакталышын текшерүүнү тапшырды...

Жогорку Кеңеште өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү маселеси көтөрүлдү. Бүгүн, 18-сентябрда парламенттин комитет жыйынында оппозициялык блоктогу "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү боюнча сунуш качан даяр боло турганын сурады. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 1,5 айдан кийин бул сунушту алып келерин, өкмөттүн түзүмүндө өзгөрүүлөр болорун айтты. Демек, бул маселе ноябрдын башына чейин калтырылды.

Өкмөттө кандай өзгөрүүлөр күтүлүүдө? SUPER.KG порталы Күнсобол рубрикасынын алкагында ушул суроонун негизинде депутаттардын арасында собол салганда, коалициялык көпчүлүккө кирген фракциялардын депутаттары Коргоо жана Энергетика министрликтерин кайтаруу керектигин айтышты. Демек, ушул эки органдын үстүндө учурда жогорудагы 4 фракциянын ортосунда өз ара макулдашуулар жүрүп жатат деген тыянак чыгарса болот. Айрыкча, Энергетика министрлигин өз карамагына алган фракция ири каражаттардын агымын көзөмөлдөйт. Акыркы тажрыйба көрсөткөндөй, өкмөттүн түзүмү жакшы ойлор менен өзгөрүп жыйынтыгы карама-каршы чыгууда. Мисалы, 2014-жылы Коргоо министрлигинин негизинде Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы түзүлгөн, бирок бул чечим боюнча азыркы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "бул чечим ката болгон" дейт. Мындан тышкары 2016-жылы Энергетика министрлигинин ордуна "Улуттук энергетикалык холдинг" түзүлгөн. ЖЭБ окуясына байланыштуу анын мурдагы жетекчиси Айбек Калиев учурда камакта.

Жалпылап караганда, Абылгазиевдин 5 ай иштеген өкмөтү чоң маанилүү чечимдерди кабыл алуу менен өзгөчөлөнгөн жок. Коомчулукта бул өкмөткө эрки жок, пассивдүү, чечкиндүү эмес, демилгесиз деген баалар коюлууда. Буга байланыштуу ал өзгөрүүлөргө муктаж деген талаптар айтыла баштады. Бирок бул өзгөрүүлөр өкмөттүн курамындагы же анын башындагы адамдын кызматтан кетүүсү катарында эмес, Кыргыз өлкөсүнүн эгемендик тарыхында ондогон-жүздөгөн жолу мамлекеттик органдардын жоюлушу, кайрадан түзүлүшү, аталышын өзгөртүшү сыяктуу иштер менен чектелет көрүнөт. Мындайда жаңы түзүлмөкчү болгон мекеменин айынан папка талаш "сахнага" чыгып, өкмөттөгү оркойгон кемчиликтер көшөгө артында калары турган кеп...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан