Орусияда жол кырсыгынан каза болгон аялдын сөөгү бүгүн Кыргыз жерине жиберилет

Эки күн мурун Орусиянын Рязань облусунда Кыргыз жарандары бараткан 7 орундуу жеңил унаа кырсыкка кабылган. Анын кесепетинен 1967-жылы туулган А.С. аттуу жаран каза болуп, 6 адам жаракат алган. Бүгүн, 18-сентябрь күнү анын сөөгү Кыргыз жерине жибериле турганын SUPER.KG'ге Кыргыз мусулмандар дин башкармалыгынын Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кайрымдуулук фондунан кабарлашты.

"17-сентябрда маркумду Кыргыз өлкөсүнө учак менен жиберүүгө аракет кылганбыз, бирок жолдошунун билети жок болуп калгандыктан бүгүнкүгө жылдырганбыз. Ал эми сөөктү жеткирүүгө 100 миң сомго чукул акча керек болуп, аны Москва-Украина каттамындагы айдоочулар жамааты тарабынан чогултулуп берилди", - деп кабарлашты фонддон.

Каза болгон жаран Ош облусундагы Кара-Суу районунун тургуну болгон.

Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин маалыматына караганда, жаракат алгандардын ичинен үчөө Рязань облусундагы клиникалык ооруканада дарыланып жатса, калганы дарыгерлердин көзөмөлүнөн соң Москва шаарына кайтып кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jasa
2018-09-18 17:42:14
Бекер келет мигранттар олуп калса россияда деп атышат эле го,
+2
adii
2018-09-18 19:05:45
Jasa, бизде качан мыйзам иштеди эле, айтылган бойдон калат.
0
Batu0406.ru
2018-09-19 00:44:03
adii,Мыйзам иштейт.Биринчи жакшы карап окугулачы,октябрь айынан тартып деп жазылган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан