СУПЕРСТАН: "Эң жакын адамдарыма калп сүйлөгөн начар адам экенмин..."

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Көп сүйлөгөн калп" деген тема талкууга алынган.

Автор: "Кээде биз каалабаган учурда калп айтууга туура келет. Бирөөнүн көңүлүн оорутуп албайын, мен үчүн кабатыр болбосун же кимдир-бирөөдөн кутула албай жүргөндө айтабыз. Мисалы, акчаңыз жок болсо да ата-энеңиз кабатыр болбосун деп "акчам бар" сиз каалабаган учурда досторуңуз чакырып калса "үйдө эмесмин", ачка болуп турсаң да "курсагым ток" каалооң жок учурда "жумуштарым чыгып калды" деп калп айтууга туура келет. Мына ушундай учурда сүйлөп коюп, калпыңыз чыгып калган күндөр сөзсүз болсо керек? Мындайда абалдан кантип чыгып кетесиз?" деген суроо калтырган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

- "Апамды сарсанаа болбосун деп калп айтууга туура келет... Ооба, кээде мажбур болосуң... Анан, тилекке каршы, эң жакын курбума сиз айткан шылтоолор көп айтылат... Иниме сабак болсун деп кээде сөздөрүмө калп кошулат. Эң жакын адамдарыма калп сүйлөгөн начар адам экенмин... Айыпты ачып салдың, автор".

- "Менде баары жакшы" Курсак ач, чөнтөктө бир сом жок, маанай жок болсо дагы ушул сөздү айтасың го, чиркин!"

- "Үй-бүлө, туугандарыма чындыкты эле айтам. Барсам барам, болбосо жок жумуштан бошобой калдым деп. Досторума кармалып калсам "Апаңдын махабаты" деген кинону көрдүң беле? Эми чык эшикке даярданып кел деп күлүп жатып кутулуп кетем".

- "Күйөөмө калп айтам көбүнчө майда-чүйдө кайын журт арасындагы сөздөрдү сураса "жакшы экен, билбейт экенмин" деп. Анан күйөөм тууган-урукка кошулганды, ызы-чууну жактыра бербейт. Той болобу же жамандык болсо дагы жалгыз барам, сурагандарга "жумуштан бошобой калды" деп, ичимден келгиси келбейт аныңар деп айтып салгым келет, карманам. Кыскасы көп нерсени айтпай, жашырып, калп айтам, бир нерсе сатып алганда да арзан болсо кымбатыраак алдым деп айтып "халтура" кылам, бул дагы калп".

- "Мен да көп айтам. Кичине кезимде акчам бар экенин такыр айтчу эмесмин. Бир күнү эски шымыма 5000 салып койгом, эскини ким карасын деп. Аны апам кир жуугуч машинага салып койгон, ал айланып бүтүп кирлерди алайын деп ачса эле 500 сомдуктар чачылып жатыптыр. Андан мурда акча барбы дегенде азыраак бар деп койгом. Өтө эле көп калп айтат экенмин көрсө. Калп болуп калбасын деп эч качан акчамды канча экенин айтпайм. Азыр да эч ким билбейт канча акча бар, канча табам, канча коротом, сурашпайт дагы".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан