Социалдык кызматкерлер жетим балдарга тиешелүү 20 миллион сом өлчөмүндөгү пенсияны төлөп бербей коюшкан. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынан маалымдашты.
"Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жетим балдар же ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдарды мамлекет камкордукка алууга тийиш. Жаран каза болгон учурда анын пенсиялык топтомунда чогулган каражат балдарына төлөнүп берилет. Бирок Башкы прокуратура тарабынан текшерүү учурунда 2010-2017-жылдар аралыгында Социалдык фонд тарабынан 14 миң 712 балага тиешелүү 13 миллион 151 миң 176 сом өлчөмүндөгү каражат төлөнүп берилбегени аныкталган. Андан аркы териштирүү учурунда сумманын көлөмү өсүп, 19 миллион сомдон ашкан. Буга байланыштуу Башкы прокуратура Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин атына жана Социалдык фондго аталган мыйзам бузууларды жөнгө салуу боюнча жазма эскертүү жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.