Бишкекте 10 жаштагы бала ити менен дайынсыз болуп изделүүдө

Бүгүн, 18-сентябрда Бишкек шаарынын 6-кичи районунун 10 жаштагы тургуну Чыңгыз Исаков үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда.

Атасынын айтымында, Чыңгыз эртең мененки саат 9:30 чамасында итин ээрчитип ойногонго чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Ал өзү жашаган аймактан алыс эмес жерде болушу мүмкүн экенин билдирди. Учурда аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан дагы издөө иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Чыңгыз Исаков үйдөн чыгып баратканда сары түстөгү футболка жана чаар ала шым кийип кеткен. Жанында чоң кара ити бар.

Сүрөттөгү Чыңгызды көргөн же билгендер болсо (0772) 84 00 74 телефон номуруна чалып кабарлап койсоңуздар болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан