Бишкектин 6-кичи районундагы үйүнөн чыгып кетип изделип жаткан 10 жаштагы Чыңгыз Исаков Арча-Бешик конушунан табылды. Бул тууралуу анын атасы Жеңишбек Усенов билдирди.
"Уулумду ити менен кечки саат 19:00 чамасында Арча-Бешик конушунан таптык. Негизи үй-бүлөм менен 6-кичи районуна көчүп келгенбизге 10 күндөй болду. Бул даректи жакшы өздөштүрө элекпиз. Чыңгыз 18-сентябрда ити менен ойногону сыртка чыккан. Бирок үйгө барчу жолдон адашып шаар жакка чыгып кетиптир. Шаардан үйгө барат экен деп маршруткага отурган. Бирок уулум Арча-Бешикке барчу маршруттук таксиге отуруп алыптыр. Учурда абалы жакшы", - дейт ал.