Бөтөн товардык белгилерди мыйзамсыз колдонуп, ишкерди зыянга учураткан эки жаранга кылмыш иши козголду

Бөтөн товардык белгилерди мыйзамсыз колдонуп, ишкерди зыянга учураткан эки жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Каржы полициясы) кабарлады. Маалым болгондой, аталган кызматка Бишкек шаарындагы ишкерлердин бири бренддик элита бут кийимдерин мыйзамсыз сатып жаткан белгисиз адамдарга карата чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылган.

Тийиштүү иш-чараларды жүргүзгөндө сапаты жана өндүрүшү шек жаратып жаткан бренд сыяктуу бут кийим көзөмөлдүк негизде сатып алынып, андан кийин ал экспертизага берилген. Натыйжада аталган товар даярдоочунун заводунан өндүрүлүп, өзгөчөлөнгөн бут кийимдин сапатына туура келбегендиги аныкталды.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 191-беренесинде (товардык белгини мыйзамсыз пайдалануу) каралган кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында шектелип жаткан Б.К. жана Ш.М. аттуу жарандардан контрафактылык продукция алынган.

Алардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында укук ээси болжол менен 800 миң сомдон көп зыян тарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан