Ошто “Аялдар тынчтык банкы” коомдук фонду тарабынан “Эрезеге жете элек жарандар менен никеге туруунун алдын алуу” аталышындагы долбоор башталды. Бул долбоор алкагында дин кызматкерлери, эркектер жана аялдар медреселеринин окутуучуларынын билими жогорулатылмакчы.
Маалым болгондой, долбоордун алкагында диний ишмерлерге эрте үй-бүлө куруунун терс жактары тууралуу семинарлар өткөрүлөт. Жогоруда аталган коомдук фонд буга чейин мектептерде, окуучу кыздарга жана ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп маалыматтык кампания өткөргөн.
Коомдук фонддун жетекчиси Гүлсана Абытова элге маалымат жеткирүүдө дин кызматкерлеринин таасири күчтүү деген пикирин айтты. “Эрте никеге туруунун зыяндуулугу тууралуу биринчи кезекте маалыматты ата-энелерге жеткирүү зарыл. Анткени жаш кыздардын тагдыры көбүнчө ата-энелердин чечиминен көз каранды. Үйлөнө турган жаштар турмуш куруудагы жоопкерчиликтер менен таанышкандан соң бул чоң кадамга баруу керектигин түшүнүүсү керек”, - деди Абытова.