Ошто 4-кабаттан ымыркайы менен кошо боюн таштаган келиндин окуясы. Дарыгерлер ымыркайдын өмүрү үчүн күрөшүүдө

Буга чейин 6-сентябрда саат 17:00 чамаларында Ош шаарына конокко келген келин колундагы 7 айлык баласы менен жатакананын төртүнчү кабатынан боюн таштаганы маалым болгон.

Азыркы тапта ымыркайдын абалы оор экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Апасы менен кошо 4-кабаттан кулап түшкөн ымыркайга операция жасалды, бирок абалы оор. Дарыгерлер анын өмүрү үчүн күрөшүүдө. Ал эми келинди операцияга даярдап жатышат, анын жамбаш сөөгү сынып кеткен. Абалы туруктуу", - деп билдирди маалымат кызматы.

Алгачкы териштирүүнүн жыйынтыгында, жабырлануучу жолдошу менен Чүй облусунда жашап жатып, аны менен таарынышып кеткени аныкталган. Ал эки баласын кайненесине таштап, кичүү баласын колуна алып, август айынын ортосунан тартып Ошто жашаган бир тууган эжесинин үйүндө жашап жаткан.

Ошондой эле айрым күбөлөрдүн айтымында, күйөөсү менен пикир келишпестиктен улам келин спирт ичимдиктерин көп ичип жүргөндүгүн, окуя болгон күнү да алкоголдук ичимдиктерди ичкени белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
monster_high_98
2018-09-19 11:00:54
Ушул арак копчулуктун тубуно жетти,жок кылып салышса болбойбу
+2
Missing-u
2018-09-19 11:56:11
Куйоосу анан жакшы жашай турган болуппу ушунча болгонго жараша?
0
Meken28
2018-09-20 01:35:02
Baikush ayaldar erkekterdin aiynan jaman kyinalyshtygo,,Erkek degen uibulogo bolgon joopkerchiligin jogotup koiushtu kopchulugu,Birok sabyr kylysh kk bolchu erkek uchun bolboso da baldary uchun jashash kk
0
nelya88
2018-09-20 06:45:26
Байкуш наристеде эмне күнөө?.. Секире бербейби, өзү эле? Же кичүүсүн деле кайненесине таштап койсо болмок.. Ойноп- күлүп,өнөрү чыгып калган учурда минтип өлүм алдында кыйналып.. иий
0
Rysik17
2018-09-20 09:54:52
Кудай сактай кор, тогуз ай которуп, толготуп кудайдан омурун тилеп тороп алып, эми эмне кылганы бул?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан