Жогорку Кеңеште Ирина Карамушкина менен Алмамбет Шыкмаматов кайым айтышты. Бүгүн, 19-сентярда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат.
Талаш Шыкмаматовдун УКМКнын төрагасы менен башкы прокурорду чакырып, Алмазбек Атамбаевдин учурунда ачылган коррупциялык иштер боюнча маалымат угууну сунуш кылган соң жаралды.
"Алмазбек Атамбаевдин тушунда коррупциялык иштер туура ачылган, айрымдары кутулуп кетти, коё бербей мөөнөтүн аягына чейин өтөшү керек болчу. Мен да төрагага башкы прокурорду жана УКМКнын төрагасын чакырып коррупция боюнча козголгон кылмыш иши боюнча маалымат угууну айткам. Мисалы, Кубанычбек Кулматов боюнча, ал КСДПнын мүчөсү, биз тынч эле тергөөнүн жыйынтыгын күтүп жатабыз. "Ата Мекен" эркиндик менен күрөшүүдөгү жалгыз күч экенин көрсөтө бербесе жакшы болмок", - деди Карамушкина.
Ата Мекен фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Карамушкинага жооп кылды.
"Мыйзамдуулук, адилеттүүлүк боюнча маселе көтөрүлгөндө дайыма сиз жаңжал чыгарасыз. Сиздей депутаттардын айынан бийлик жолдон адашкан. Атайын адилеттүүлүктү көрмөксөн болуунун кереги жок", - деди Шыкмаматов.
Жыйынтыгында "Белизгейт" чыры боюнча маселе бүгүн саат 14:00дө каралмай болду.
2016-жылдын 14-ноябрында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Абдил Сегизбаевди кабыл алган. Анда Белиз мамлекетинин расмий органдарынан апостиль алынганын билдирген. УКМКнын башчысынын билдиришинче, ал документтер 2012-жылы жогорку кызматта турган 3 адам "Мегакомдун" акцияларын сатуудан түшөт делген 50 миллион доллардан ашык акчаны оффшордук компанияга чыгарууга кызыкдар болгонун күбөлөндүрөт. Документте Өмүрбек Текебаевдин, Алмамбет Шыкмаматовдун жана Аида Салянованын аты аталган.
Кийин бул боюнча 2017-жылдын март айында Шыкмаматов, Салянова, Текебаев "жалган маалымат таратып беделибизге шек келтирди" деп сотко кайрылышкан. Алар Абдил Сегизбаев аталган маалыматты айтса, аны президенттин басма сөз кызматы тараткан деп, анын ал кездеги жетекчиси Алмаз Үсөновдун үстүнөн да сотко кайрылышкан. Алмамбет Шыкмаматов менен Аида Салянова моралдык чыгым катары эч кандай компенсацияны өндүрүп алууну каалашкан эмес. Бирок Өмүрбек Текебаев моралдык чыгым катары 60 миллион сомду өндүрүп берүүнү соттон өтүнгөн. Бирок соттун чечимдери саясатчылардын пайдасына чыккан эмес.