Депутат Орозова өкмөттүк аппарат башчысына: "Өкмөттүк аппаратта Баткенден бир дагы кызматкер иштебейт"

КСДП фракциясынан депутат Карамат Орозова өкмөттүк аппаратта иштеген кызматкерлер бардык аймактардан болуш керек деген пикирин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү өкмөттүн аппарат жетекчилигине талапкер Шамилбек Асымбековго суроо менен кайрылды. "Сиз көп жылдан бери өкмөттө иштейт экенсиз. Өкмөттүк аппаратта канча кызматкер иштейт? Бардык аймактын жарандары иштейби? Баткен облусунан канча кызматкер бар?" - деп Орозова Асымбековдон сурады.

Асымбеков белгилегендей, өкмөттүк аппаратта 198 адам иштейт, Баткен облусунан 5 кызматкер бар.

Карамат Орозова Баткенден бир дагы кызматкер иштебей турганын айтты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул боюнча статистика жок экенин билдирип, бул маселе эске алына турганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан