"Өкмөттүк түзүмдү өзгөртүү боюнча сунушту бир жарым айда алып келебиз деп айта албайм", - деп бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
Кечээ, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин комитетинде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүк түзүмдү өзгөртүү боюнча сунушту бир жарым айда алып келе турганын айткан.
Абылгазиев парламент комитети өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү тапшырмасын бергенин айтып, учурда жумушчу топ түзүлгөнүн билдирди. "Жумушчу топ түзүлгөн. Анализ жүрүп жатат. Канча жылдан бери түзүмдү алмаштырып, кошуп жатабыз. Мындан экономикабыз өсүп кетти дегенден алысмын. Негизгиси таза жана компетенттүү адамдар келиши керек", - деди өкмөт башчы.