Депутат Алмазбек Токторов Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына талапкер Эмил Осмонбетовдун мурда иштеген кызматынан эмне үчүн кеткенине кызыкты. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-сентябрда парламент жыйынында айтты.
"Эмне себептен мурдагы кызматыңыздан кеттиңиз эле? Маалымат каражаттарында ар кыл маалымат тарап жатат. Кызматтан эмне үчүн кеткениңизди айтып койсоңуз. Кызматка келе жатканда жалпы коомчулукка жыйын уюштуруп, ошол иштер боюнча толук маалымат берип койсоңуз элде суроо жаралбайт эле", - деди Токторов.
Эмил Осмонбетов буга жооп берип, өзүнө учурунда кылмыш иши козголгонун, кийин ал иштер боюнча толук акталганын, айыбы жок экенин билдирди.
Осмонбетов Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп иштеген.