Орусия "Искандер-М" ракета комплекси аскердик окутууларын Кыргыз өлкөсүндө өткөрөт. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, "Искандер-М" ыкчам-тактикалык ракета комплекси КМШ өлкөлөрү катышкан "Ысык-Көл-Антитеррор 2018" аскердик окутуу иштеринин алкагында, биринчи жолу Кыргыз жерине жеткирилди. Аталган ракета комплекси "Эдельвейс" полигонунда сыналат. "Искандер-М" 500 чакырым аралыктагы чакан жана чоң көлөмдүү ракета системдерин, реактивдик систем, учактарды, тик учактарды, командалык түйүндөрдү жок кыла алат. Кыргыз мамлекетинин УКМКсы бул боюнча азырынча комментарий бере элек.