"Ош базарында" биринчи өрт чыкканга чейин базардын жетекчилигине өрт коопсуздугу сакталбаганы үчүн 50 миң сом айып салынган

Бишкекте бүгүн, 19-сентябрда Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү өлкө аймагында болгон өрт кырсыктарынын иликтениши тууралуу маалымат беришти. ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы Нурлан Утамисовдун айтымында, Кыргыз өлкөсүндө 2018-жылы катталган 7 резонанстуу өрт кырсыктары боюнча дыкат иликтөө жүрүүдө.

Белгилүү болгондой, "Ош базарда" биринчи өрт чыкканга чейин базардын жетекчилигине өрт коопсуздугу сакталбаганы үчүн 50 миң сом айып салынган.

"Биздин кызматкерлер соода кылган субъектилерди өрт коопсуздугун сактоого чакырып, ал эми коркунуч жараткан жана эскилиги жеткен электр зымдары боюнча эскертүү беришкен. Тийиштүү документтерди жергиликтүү акимчиликке берген", - деди Бишкек ШИИББинин башчысы Сталбек Рахманов.

Мындан сырткары "Ош базарында" чыккан өрт боюнча мамлекеттик экотехинспекциянын 2 кызматкерине кылмыш иши козголду. Алар базарды тейлеп келишкен. Азыркы тапта эмне себептен базардын аймагын өз көзөмөлүнө алып өрт коопсуздугун текшербегендиги каралып жатканы айтылды. Мындан сырткары "Ош базарындагы" "Берекет" соода борборунун администраторуна козголгон кылмыш иши боюнча тергөө бүтүп, иш сотко өткөнү маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
02.10.93N
2018-09-20 15:27:47
Коп айып пул салып коюшкан го ээ
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан