Кыргыз өлкөсүнүн шахмат боюнча 3 жолку чемпиону Семетей Төлөгөн тегин "Ачык Евразия" эл аралык чыгармачыл адамдар арасындагы сынакка катышууда. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.
Маалым болгондой, сынак 15-сентябрда старт алган. Ага 1600 катышуучу катышып, алардын эмгектери добуш берүүгө коюлган. Жыйынтык ноябрь айында чыгат, баш байге 30 миң доллар.
"Бул "Ачык Евразия" сынагы 2012-жылдан бери өткөрүлүп келет, штаб-квартирасы Лондондо. Анда 6 категория бар: проза, кыска проза, поэзия, адабияттык котормо, иллюстрация кылуу жана видеофильм. Мен кыска проза категориясында катышуудамын. Кыска прозаларды 1 жарым жылдан бери жазып келем. Мындай талантым бар экенин жакындарым билишчү эмес, алгач укканда такыр ишенишкен жок. Азыр добуш берүү жүрүп жаткандыктан колдоо көрсөтүп жатышат", - дейт ал.
Белгилей кетсек, Семетей Төлөгөн тегин өлкөнүн шахмат боюнча 3 жолку чемпиону жана Кыргыз шахмат академиясында шахмат боюнча машыктыруучу болуп эмгектенет.