Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына Эмил Осмонбетовду ишти эмнеден баштай турганын, өзү бараткан тармакта кандай көйгөйлөр бар экенин сурады.
"Сиз бул кызматка баратасыз, учурда өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу тармагына тиешелүү кандай көйгөйлөр бар? Аларды кантип чечесиз? Эл ичинде кендер боюнча тополоңдор чыгууда, бул инвесторлорду чочулатып жатат, бул маселелерди кантип жолго саласыз?" - деди Нурбаев.
"Жерине барып мыйзамдуу жол менен элге түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Бүгүнкү күндө 30дан ашык ошондой көйгөйлөр бар, алардын негизгилери "Макмал", "Иштамберди" боюнча айтсак болот", - деп жооп кылды Эмил Осмонбетов депутаттын суроосуна.
Депутат өкмөттүн аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүн жоюп, аларга кеткен каражатты мугалимдердин айлыгына жумшоону да сунуш кылды.