Бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргызстан" фракциясынан депутат Канат Исаев өкмөттүн өкүлдөрүнөн CASA-1000 долбоору качан ишке аша турганын сурады.
Ɵнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагалыгына талапкер Эмил Осмонбетов бул суроо боюнча аталган комитетте иштеп баштаганда жооп бере турганын белгиледи.
Канат Исаев: "Сиз бул тармакка бараткандан кийин бул маселени билишиңиз керек эле", - деди.
Бир аздан соң Осмонбетов долбоор 2020-жылы ишке аша турганын билдирди.
Исаев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге аталган кызматка көрсөтүлүп жаткан талапкерге көңүл буруп коюшун сунуштады.
"CASA-1000" - Кыргыз мамлекети, Тажикстан, Пакистан жана Ооганстанга электр энергиясын экспорттоого жол ача турган долбоор.