Өрттүн чыгышына көбүнчө жарандардын шалаакылыгы себеп болууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда маалымат жыйында ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Сапар Асаналиев билдирди.
Маалыматка ылайык, жарандардын элементардык өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабаганы көптөгөн кырсыктарга алып келүүдө.
"Жарандар тарабынан катардагы эрежелердин сакталбагандыгы өрттүн чыгуусуна себеп болууда. Мисалы, Каракол шаарынын базарындагы өрт шишкебек жасап саткан адамдар көмүрдүн күлүн толугу менен өчүрбөй төгүп койгондуктан келип чыкты деген божомол бар. Ошондой эле эскилиги жеткен электр зымдары да тилсиз жоонун келип чыгуусуна себеп болот", - деди Асаналиев.
Сапар Асаналиев жарандарды өрт коопсуздугун сактап өзүнүн жана жакындарынын өмүрүнө камкордук көрүүгө чакырды.