Жеке ишкерлерге кат жөнөтүп жардам сураган кызматкерлер жоопко тартылат. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов маалымат жыйынында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Маалыматка ылайык, ИИМдин криминалдык милициясынын 100 жылдыгын белгилөөгө кызматкерлер жеке ишкерлерге расмий кат жөнөтүп, жардам сурап жатат деген маалымат тараган.
"Аталган факт боюнча кызматтык иликтөө дайындалды. Эгерде кандайдыр бир марафон уюштурулуп же ишкерлер өз ыктыяры менен жардам берсе, анда ал мыйзамдуу эле. Бирок расмий кат жолдоп же жардам көрсөтүүгө мажбурлоо - бул мыйзамсыз", - деди Сейитов.
Ошондой эле эгерде кызматкерлердин расмий кат жолдогону далилденсе, аларга тийиштүү чаралар көрүлө турганы маалым болду.
Айта кетсек, 2018-жылы ИИМдин криминалдык милициясы 100 жылдыгын белгилейт. Аталган орган 1918-жылы 5-октябрда түзүлгөн.